АФК Кубогу-2020: "Дордой" - "Алтын-Асыр" беттешин сириялык калыстар тейлейт

АФК (Азия Футбол Конфедерациясы) Кубогунда "Дордой" - "Алтын-Асыр" (Түркмөнстан) оюнун Сирия өлкөсүнүн калыстары тейлейт.
Бул беттештеги башкы калыстык милдетти Ханна Хаттаб аткарса, Али Ахмед жана Мезен Засфун ага жардамчы болушат. Ханна Хаттаб жана Али Ахмед буга чейин 2017-жылы АФК Кубогундагы "Дордой" - "Алай" беттешинде калыстык милдетти аткарышкан.
Маалыматка ылайык, "Дордой" - "Алтын-Асыр" беттеши 11-март күнү Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00 дө башталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.