Апта аягына чейин кар жаайт! 13-февралда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт
Кыргызгидромет жекшемби күнгө чейин күтүлүп жаткан аба ырайы тууралуу маалымат менен тааныштырат.
Ага ылайык, 12-февралда түнкүсүн айрым райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарында кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
13-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында кар жаашы күтүлөт. Күндүз өлкөнүн бир катар аймактарында кар жаап, айрым аймактарда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
14-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым райондордо кар жаашы күтүлөт.
15-16-февралда туруксуз аба ырайы сакталып турат. 15-февралда кээ бир райондордо, 16-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

