super.kg logo
  Спорт  

Оштун "Алай" футболдук клубу сыйланды

 

Кечээ, 10-февраль күнү Оштун "Алай" футболдук клубу 2019-жылы Кыргыз Премьер-Лигасында 2-орунду алгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы жана Ош шаарынын мэриясы тарабынан сыйланды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына клубдун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бул сыйлоо аземине Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, Футбол федерациясынын баш катчысынын орун басары Нурдин Букуев, мэриянын кызматкерлери жана "Алай" футболдук клубунун жетекчилиги жана футболчулары катышты. Жыйында Нурдин Букуев "Алай" футболдук клубу Кыргыз өлкөсүндөгү алдыңкы клубдардын катарында экендигин баса белгилеп, клубдун алдыдагы иштерине ийгилик каалады. Ошондой эле "Алай" командасы 2019-жылы Кыргыз Премьер-Лигасында 2-орунду ээлегендиги үчүн Премьер-Лиганын диплому жана медалдары тапшырылды. Мындан тышкары, 2020-жылкы сезонго даярдыктарды көрүү үчүн Ош шаардык кеңешинин атынан Түркиянын Анталия шаарына жана Ош шаарынын мэриясынын атынан Ташкент шаарында өтүүчү машыгууга атайын сертификаттар тапшырылды", - деп билдирди басма сөз катчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: