Хабиб Нурмагомедов Тони Фергюсонго каршы беттешке даярдануу үчүн АКШга кетти
UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов кезектеги атаандашы америкалык Тони Фергюсонго каршы беттешке даярдануу үчүн АКШга кечээ, 10-февралда учкан. Бул тууралуу мушкер "Global Fighting Championship" турнириндеги маалымат жыйында билдирген.
"10-февралда АКШга UFC 249 турнирине даярдануу үчүн учуп кетем. Бардыгыңыздарга колдооңуздар үчүн рахмат", - деп билдирген орусиялык мушкер.
Маалыматка ылайык, Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун беттеши 18-апрель күнү Нью-Йорк шаарында UFC 249 турниринин алкагында негизги беттеш катары өтөт. Буга чейин эки мушкердин беттеши 4 жолу уюштурулуп, ар кандай себептер менен өтпөй калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
Рейтинг:
-2
-2

Супер-Инфо
super.kg видео

















Конор менен Тонинин беттеши ото сонун отмок