super.kg logo

Казакстандагы жаңжал: Кыргыз өлкөсүндө 1 Казак жараны дарылануусун улантып жатат

 

Казакстандын Масанчи айылындагы массалык жаңжалдан кийин Кыргыз өлкөсүнө келип, дарыланып жаткандардын бири ооруканадан чыгарылды. Учурда бир бейтап дарылануусун улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришет.

"Жалпысынан 13 бейтап Бишкектеги жана Токмоктогу ооруканаларда дарыланып жатышкан. Алар мындан аркы дарылануусун Казакстандан улантмакчы болуп ооруканадан чыгышкан. Учурда Токмок аймактык ооруканасында бир бейтап жатат. Абалы канааттандырарлык", - деди маалымат кызматынын өкүлү.

9-февралда Казакстандын саламаттыкты сактоо боюнча вице-министри Камалжан Надыров баштаган делегация Кыргыз өлкөсүнө келген. Алар Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы ооруканаларда дарыланып жаткан Казак жарандарынын абалы менен таанышып, бейтаптарды санавиация менен Казакстанга алып кетишкен.

Окуянын чоо-жайы:

7-февраль күнү Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Кордай районунун Сортобе айылынын тургундары менен полиция кызматкерлеринин ортосунда чыр чыккан. Ага удаа эле коңшу жайгашкан Масанчи айылында тургундар ортосунда мушташ чыгып, атышуу менен уланган. Андан ары үйлөргө өрт коюу менен конфликт күчөй берген.

8-февраль күнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирүү таратып, чырдын келип чыгышына күнөөлүүлөр жана улуттар аралык кастыкты козутуу үчүн туура эмес маалымат тараткандар жазаланышы керектигин айткан.

9-февралда жаңжал учурунда каза болгондорду жерге берүүнүн алгачкы зыйнаты өткөн. 10-февралда жогоруда аталган 3 айылдагы мектеп жана бала бакчалар кайрадан иштей баштаганы маалымдалды.

Массалык жаңжалга байланыштуу 25 кылмыш иши ачылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: