super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Кыргыз мамлекетине Кытайдан кирген импорттун көлөмү боюнча эки өлкөнүн статистикасында айырма болуп жатканы тууралуу элге маалымат бериш керек эле"

 

Депутат Талант Мамытов Кыргыз мамлекетине Кытайдан кирген импорттун көлөмү боюнча эки өлкөнүн статистикасында айырма болуп жатканы орчундуу маселе экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-февралда Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында билдирди.

"Кыргыз мамлекети менен Кытайдын статистикасында 3 миллиард доллардан ашык айырма болуп жатат. Маалымат жыйын өткөрүп, айырма тууралуу элге маалымат бериш керек эле да. Элде күмөндүү ойлор пайда болууда. Башка мамлекеттер менен айырма барбы?", - деп сурады депутат.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев 3 жылдын ичинде Өзбекстан менен дагы айырма болуп жатканын айтты. "Маселени расмий түрдө Өзбекстандын Бажы кызматына жөнөттүк. Алар түшүнүктөрдү беребиз деп жатат", - дейт Торутаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: