super.kg logo
  Саясат  

Жал кичи районунун жашоочулары ӨКМ, ИИМ жана Саламаттыкты сактоо министрлигине нааразы

 
Жал кичи районундагы сымап төгүлгөн балдар аянты.
Жал кичи районундагы сымап төгүлгөн балдар аянты.
Сымап төгүлгөн балдар аянтчасын ӨКМ тасма менен тосуп койгон.
Биринчи ирет сымап 7-июлда ушул жерге төгүлгөн.
Жашоочу Зейнеп Абдиева: "Биринчи ирет төгүлгөн сымап толук тазаланган эмес, калдыктары дагы эле бар".
Сымап экинчи ирет ушул жерге төгүлгөн.
Сымап төгүлгөн балдар аянтчасын ӨКМ тасма менен тосуп койгон.
7-июлда төгүлгөн сымаптын калдыктары дагы эле бар.

Бишкек шаарындагы Ортончу Жал кичи районунун жашоочулары ӨКМ, ИИМ жана Саламаттыкты сактоо министрлигине нааразы. Белгилүү болгондой, 19-август күнү аталган райондогу №23-үйдүн алдындагы балдар аянтына экинчи ирет сымап суюктугу төгүлгөн. “Биринчи жолу 7-июлда төгүлгөндө да ӨКМнын кызматкерлери толук кандуу тазалаган эмес, сымап төгүлгөн аймакты тасма менен тосуп коюп, 2 күн өткөн соң ал тасмасын чечип кетишкен. Алардын марганцовкадан башка эч нерсеси жок экен, бизден чака сурап жүрүштү”,- дейт №23-үйдүн жашоочуларынын бири Зейнеп Абдиева. Ошондой эле ал: “Медицина кызматкерлери ар бир үйдү кыдырып, текшерүүдөн өткөрүшсө болмок. Алар "сымаптын зыяндуулугу жок" деп жатышканы менен, биз интернеттен анын зыяны бар экенин окуп жатабыз. Жашоочуларда баш оору, жүрөк айлануу жана башка ар кандай белгилер болуп жатат. Дарыгерлер болсо 4-5 кишиге гана №2-ооруканага жолдомо беришти”,- деди. Мындай көрүнүш экинчи ирет кайталанып жатса да, ИИМ кылмыш ишин козгобой, сымап ким тарабынан төгүлгөнүн издеп, ишти аягына чыгарышпай жаткандыгын кошумчалады ал. Бул боюнча "Кылмыш иши козголдубу?", "Тергөө жүрүп жатабы?" деген суроо менен Бишкек ШИИББине кайрылдык. Башкармалыктын басма сөз кызматынын өкүлү Олжобай Казабаев сымаптын чогултулган калдыктары соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүгө жөнөтүлгөнүн айтып, анын ден соолукка канчалык зыяндуу экендиги аныкталгандан кийин ошого жараша кылмыш иши козголорун билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: