super.kg logo

Патрулдук милиция Бишкектин так ортосунан карышкыр кармады. Ал үйдө кармалган карышкыр болушу мүмкүн

 

Бүгүн, 11-февралда болжол менен саат 12:10 чамасында Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын "102" кызматына чакыруу келип түшкөнүн Патрулдук милициядан маалымдашты. Анда айтылгандай, чакырууда шаардагы Республикалык көчөсүндө жайгашкан №41 орто мектептин жанында карышкыр жүргөндүгү тууралуу маалымат берилген.

"Ошол замат аталган дарекке Бишкек ШИИБи боюнча Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барып, ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында карышкырды кармап, Мамлекеттик экология техникалык коопсуздук инспекциясына өткөрүп беришти", - деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын өкүлү карышкырды "Бугу эне" коомдук фондуна өткөрүп беришкенин билдирди. Маалым болгондой, аталган фонд табигатка коё берүүгө болбой турган кароосуз калган жапайы жаныбарларды жана канаттууларды сактоо көйгөйүн чечүүгө көмөк берет.

"Бул фонддун кызматкерлери карышкырды алып кетти. Алар алып барып торго киргизип алгандан кийин, борбор калаага кайдан келген карышкыр экенин аныкташат. Ошондон кийин үйдө багылган карышкырбы же талаадан келдиби баары белгилүү болот. Үйдө кармалган карышкыр деле болушу мүмкүн, азыр карышкырды үйдө кармагандар көбөйүп кетпедиби, жапайы карышкыр болсо карматмак эмес деген ой келет", - деди ал.

Ал эми көп жылдан бери тайган агытып, ит багып, аны карышкыр менен аргындаштыруу үчүн үйүндө карышкыр багып келген Чыңгыз Сейитбековго байланышканыбызда, ал жаныбардын сүрөттөрүн көрүп төмөнкүдөй оюн айтты.

"15-февралда оюн болмок, ошол оюн үчүн Нарында үйүндө карышкыр кармагандар аны борборго алып келиши мүмкүн. Бул бала карышкыр, жетиле элек. Муну анын жүнүнөн билсе болот, кармалган карышкырдын жүнү тыбыт жүн болуп турат, карышкыр жетилгенде кылкан жүн болот. Биринчиден бөлтүрүктөн өтүп калган бирок жетилген эмес, экинчиден үйдө кармалган, ошол үчүн милиция аны кармай алды. Болбосо кармоо кыйын эле болмок", - деди Сейитбеков.






Бишкектеги мектептин жанынан патрулдук милиция карышкыр кармады

Бишкектин так ортосунан патрулдук милиция карышкыр кармады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
11.02.2020. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кичинекей Кыргызстандан баардык нерсени кутсо болот.Шаарда карышкыры да,жылкысы да,койлор да кенири басып журо берет.Бизде ушундай нерселер чыгып турбаса жашообуз кызыксыз болуп калат.
11.02.2020. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Ак уйдо семиз"койлор"багылып жатканын билип калган го...
11.02.2020. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Mister-X,
11.02.2020. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Beka0007, Күлө берип боорум эзилип калды.
12.02.2020. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mister-X, эң туура айтыптырсын.
11.02.2020. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш карышкырга боорум ооруп кетти.
Ушуну багып жургон адамды камап коюш керек билсин камакта жаткан кандай болот экенин
11.02.2020. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирди жейм, минди кырам дейт го карышкыр. Койлордун короосу тынч эле бекен.
11.02.2020. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ак үйгө койберип жиберсеңер болмок!))))
12.02.2020. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болтурук экен ачкадан тоодон туштуда
Медиа-портал
12.02.2020. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми эшикке да чыга албай калабызбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: