Муниципалдык транспортто жүрүү билеттери пенсионерлер үчүн бекер таратылат

2020-жылдын 1-мартынан баштап коомдук муниципалдык транспорттор толук кандуу электрондук билеттештирүү системине өтөрүн шаардык мэриядан билдиришкен.
Буга байланыштуу шаардын пенсионерлери "биз электрондук билеттерди кайдан алабыз, биз үчүн жеңилдиктер каралганбы?" деген суроо менен SUPER.KG порталына кайрылышты.
Бул боюнча "Тулпар" бирдиктүү төлөм картасынын массалык маалымат каражаттары менен иштөө адиси Бекжан Акматбеков төмөндөгүдөй маалымат берди.
"Пенсионерлер "Тулпар" картасын аймактык башкармалыктардан чакыруу менен алышат. Карта бекер берилет. Жакынкы аралыкта аларга карталарды таратып берүүнү пландап жатабыз", - дейт ал.
Ал эми шаардык мэриянын берген маалыматы боюнча, окуучуларга аталган карталар мектеп администрациясы тарабынан берилет. Окуучулардын жеке маалыматы мектептерде сакталат! Жеңилдетилген, кызыл карточкалар пенсионер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана почта кызматкерлери үчүн МАБга тапшырылат. Жеңилдетүүсү бар ар бир жаранга карточка өз колуна берилет.




1 |