Метродо коронавирус темасында пранк уюштургандардын арасында Кыргыз жараны бар экендиги айтылууда

Москвадагы метролордун биринде коронавируска кабылган адамды туурап пранк уюштурган тажикстандык блогер 8-мартка чейин СИЗОго киргизилди. Коомдук транспортто жосунсуз тамаша уюштурган окуяга тиешеси болушу мүмкүн деп дагы 5 адам текшерилүүдө. Алар 17-25 жаштагы Тажикстан, Кыргыз өлкөсү жана Орусиянын жарандары. Бул тууралуу орусиялык РенТВ телеканалы маалымдады.
Эске салсак, буга чейин Кароматулло Жаборов аттуу тажик блогери Москвада метродо пранк уюштуруп, видео интернет желесине жайылган соң блогер кармалганы тууралуу жазганбыз.
Коронавируска кабылган адамды туурап, пранк уюштурган блогер кармалды
Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:54
2025-06-23
Рейтинг:
1

Булар "Хулиганство" боюнча айыпталып жатышат. УК РФ боюнча 200 минден 500 минге чейин штраф же болбосо 5 жылга чейин эркинен ажыратылат, либо ушул эле срок боюнча принудительные работы