super.kg logo

"Газпромнефть" май куюучу жайларынан соода кылгандыгыңыз үчүн G-Drive күйүүчү майы белекке берилет

 

"Газпромнефть" май куюучу жайлар тармагында «20х20» деп аталган акция башталды. Акциянын катышуучулары 25 миң 200 литр G-Drive күйүүчү майы жана Ultra HD форматындагы 20 телевизор үчүн ат салыша алышат.

"Газпромнефть" АЗСинин лоялдуулук программасындагы "Сапарыбыз бир" картасынын ээлери күн сайын 400 литр G-Drive күйүүчү майы берилген утушка катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Утуш 12-февралдан баштап 9 апта бою жүргүзүлөт.

Күйүүчү майды белекке утуп алуу үчүн ушул жылдын 14-апрелине чейин "Газпромнефть" АЗСтеринен лоялдуулук картасы менен каалагандай сатып алууларды жүргүзсөңүз болот. Картага топтолгон ар бир 500 сом үчүн катышуучуга 1 виртуалдык билет берилет. Мындай виртуалдык билеттердин саны кардарларга чектелген эмес.

Акция башталгандан аягына чейин күн сайын 20 литр G-Drive күйүүчү майы белекке бериле турган 20 сертификат утушка коюлат. Күндө ойнотулуучу утуштун катышуучуларынын тизмесин түзүү жана өткөн аптадагы жеңүүчүлөрдү аныктоо ар бир шаршемби күндөрү жүргүзүлөт.

Ал эми Ultra HD форматындагы 20 телевизордун утуш оюндары ушул жылдын 22-апрель күнү өтөт.

Унааңызга сапаттуу күйүүчү май куюп, "Газпромнефттин" "Сапарыбыз бир" картасы боюнча кошо берилүүчү товарларга да ээ болуңуз. Бонус жана баалуу утуштар сиз кардар болгон "Газпромнефттин" артыкчылыгы.

Маалымат үчүн:

"Газпромнефть" тармагынын "Сапарыбыз бир" лоялдуулук программасы - чогултулуучу бонустук программа. Ал өлкөдө 2016-жылдан бери иштеп келе жатат. Программанын катышуучусу 200 сомго лоялдуулук картасын алып, "Газпромнефть" АЗСинен сатып алуу жүргүзүп, упай топтой алат. Чогултулган упай аркылуу ар түрдүү товар үчүн төлөм жүргүзө алат, 1 упай 1 сомго бааланат. Буга кошумча программанын катышуучуларына атайын акциялар өткөрүлөт. "Сапарыбыз бир" лоялдуулук программасы иштеп баштагандан бери ага 225 миң автосүйүүчүлөр кошулду. Картага балл сатып алууларды жүргүзгөндө топтолот жана чыгымдалат.

* Картага балл Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган жана азыркы лоялдуулук программасынын алкагындагы чектөөлөрдөгү алып салууларды эске алуу менен, товар сатып алуу учурунда топтолуп жана коротулат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: