super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз балбаны Тынар Шаршенбеков дүйнөлүк рейтингде 9-орунда

 

Күрөштүн грек-рим түрү боюнча кыргыз балбаны Тынар Шаршенбеков дүйнөлүк рейтингде 5-орундан 9-орунга түшүп калды. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, 7-9-февралда Алжирде күрөш бюнча Африка чемпиондугу болуп өттү. Бул турнир рейтинг катары бааланып, 1-8-орунду алган балбандар дүйнөлүк рейтингден упай алышты. 63 килограмм салмак ченинде алжирлик Абделжебар Жеббари Африка чемпиону аталды. Бул көрсөткүчү менен ал жалпы 18 упай топтоп, дүйнөлүк рейтингде 9-орунду камсыздады.

Тынар Шаршенбеков 2019-жылы Казакстанда өткөн дүйнө чемпиондугуна катышып, жалпы 18 упай топтоп дүйнөлүк рейтингде 5-орунга жайгашкан.

UWW боюнча 63 килограмм салмак ченинде дүйнөлүк рейтинг:

1. Шинобу Ота (Жапония) - 58 упай

2. Степан Марянян (Орусия) - 38 упай

3. Эрик Торба (Венгрия) - 26 упай

4. Стиг-Андре Берге (Норвегия) - 26 упай

5. Рахман Биличи (Түркия) - 24 упай

6. Алмат Кебиспаев (Казакстан) - 23 упай

7. Славик Галстян (Армения) - 23 упай

8. Максим Нехода (Беларусь) - 20 упай

9. Тынар Шаршенбеков (Кыргыз өлкөсү) - 18 упай

10. Абделжебар Жеббари (Алжир) - 18 упай






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: