Жогорку Кеңеш вице-премьерликке Акрам Мадумаровдун талапкерлигин жактырды
Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңеште вице-премьерликке Акрам Мадумаровдун талапкерлиги каралды. Анын талапкерлиги боюнча баяндаманы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жасады.
Жалпы 104 депутат катталып, 97 эл өкүлү "макул" деп, 1 депутат "каршы" деп добуш берди.
Буга чейин Мадумаровдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы, тийиштүү комитети жактырган.
11-февралда вице-премьер Жеңиш Разаков берген арызынын негизинде кызматтан бошотулган. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Разаков эки жылдан бери бул кызматты аркалап келген. Ал чек ара маселеси боюнча иш алып барган. Акрам Мадумаров учурда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
-2

