Баткен жана Жалал-Абад облусунун медиа борборлоруна жетекчилер дайындалды



Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругу менен Баткен жана Жалал-Абад облустук медиа борборлордун жетекчилери дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Буйрукка ылайык, Баткен облустук медиа борборуна Алим Токторов жана Жалал-Абад облустук медиа борборуна Тургунбай Алдакулов дайындалды. Мындан кийинки кызматтык дайындоолор Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарында жүргүзүлөт.
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өлкөдөгү облустук мамлекеттик телерадиоберүү уюмдарын, облустук жана райондук гезиттерди бириктирүү жолу менен, алардын базасында 7 облустук медиа-борбор түздү. Жаңыдан түзүлүп жаткан облустук медиа борбордо телекөрсөтүү, гезит, web-сайт, онлайн берүү жана пресс-борбор платформалары болуп, республикадагы 40 районду жана райондук маанидеги ири шаарларды камтып, ар бир райондо эки кабарчы иш алып барат. Жакынкы аралыкта министрлик аймактык медиа борборлордун кызматкерлери үчүн заманбап журналистиканын жаңы усулдары боюнча окууларды өткөрүп баштайт", - деп жазылат маалыматта.


