super.kg logo
  Саясат  

Парламентте өлкө аймагындагы бир катар калктуу конуштарды айыл категориясына которууга багытталган мыйзам долбоору жактырылды

 

Жогорку Кеңеште өлкө аймагындагы бир катар калктуу конуштарды айыл категориясына которууга багытталган мыйзам долбоору жактырылды.

Мыйзам долбоору аркылуу Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл аймагынын Мончок-Дөбө жана Шекафтар, Нарын облусунун Нарын районунун Орток айыл аймагынын Тамды-Суу, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагынын Беш-Кемпир, Орто-Талаа, Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дөң-Кыштак, Жандама, Катта-Тал, Күнгөй-Хасана, Мончок-Дөбө, Тескей, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл аймагынын Бек-Тоо жаңы түзүлгөн жалпысынан 12 калктуу конушту айыл категориясына киргизүү сунушталууда. Аларда баш-аягы 25 467 адам жашайт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык маселелер боюнча агенттигинин директору Бахтияр Салиев айрым калктуу конуштарды айыл категориясына которуу жергиликтүү калктын турмушун жана конуштардын инфратүзүмдөрүн жакшыртууга, элет жергесиндеги калкты каттоого алуу, социалдык тейлөө сындуу көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: