super.kg logo

УКМК ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу фактысы боюнча "Тазалык" ишканасынын кызматкерлерин кармады

 

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын башкы бухгалтери А.О., операторлор А.М. жана Б.Н. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалды. Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдашты.

Анда айтылгандай, "Тазалыктын" 3 кызматкери ушул жылдын 8-февралында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында, ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана коротуу фактысы боюнча кармалган.

"2019-жылы "Тазалык" муниципалдык ишканасы 84 миллион сомдон ашык суммага майлоочу жана күйүүчү каражаттары талон түрүндө сатылып алынып, материалдык жооптуу кызматкерлерге берилгендиги аныкталган.

Бирок аталган ишкананын башкы бухгалтери операторлор менен биргеликте Бишкек шаарынын ичинде жумуш алып барууга багытталган күйүүчү май талондорун ыйгарып алып, короткон. Бул боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүгү (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сот органдары тарабынан кармалган адамдарга 2 айга үй камагына алуу баш коргоо чарасы каралган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
13.02.2020. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уурулар түгөнбөй койдуго деги качан тыйыласынар койсоңор боло мамлекетти тоногонду
13.02.2020. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ууру жемкорлор! Элдин казынасына кол салбай эле иштей берсеңер болбойбу шүгүр деп эле?
13.02.2020. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар бир коррупционер өзүнүн кылмышына жараша жазасын алууга тийиш. Мамлекеттик кызматкерлер коорупция беренеси боюнча кармала турган болсо аларды кайра мамлекеттик кызматка келбей турган кылып койо турган кылып мыйзам долбоору иштеп чыгыш керек.
13.02.2020. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр кубандырган бул уурулар кармалып, ачыка чыгып жатат, мурда тескерисинче текшерип баргандар кошо жешчу эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: