super.kg logo
  Саясат  

Депутат жергиликтүү шайлоолорго карата жарандарды жасалма каттоолор жүрүп жатканын айтты

 

Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кенжебек Бокоев жергиликтүү шайлоолорго карата жарандарды жасалма каттоолор жүрүп жатканын айтты.

"Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн, Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүн чакырып маалымат угалы. Шайлоо өтө турган шаарларга 10 миңдеп айылдардын тургундары катталып жатышат. Ар кандай ыплас жолдор менен добуш сатып алуунун түрлөрү колдонуп жатышат. Ошолорду токтотуш керек. Маалымат каражаттарында ушул маселе көтөрүлүп жатат", - дейт депутат.

Депутат Жанар Акаев Бокоевдин сунушун колдоду. "Саясий партиялардын калкыбызга кам көргөнү ушулбу? Биз мындай жосундарга каршы кескин чараларды көрүп, шайлоочулардын өз өкүлдөрүн эркин тандап алуусуна мүмкүнчүлүк түзүшүбүз керек", - дейт Жанар Акаев.

Жыйынтыгында бул маселе күн тартипке киргизилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: