super.kg logo

Москвада таксист аны кемсинтип, жемелеп ал тургай кол көтөргөн аялды кечирди

 

Интернетке долуланып, туталанган жүргүнчү аялдын таксистти урушуп, ал тургай ага бир канча жолу кол көтөргөн видеосу тарады. Орусиялык басылмалар бул көрүнүш Москвада болгонун, видеону таксист өзү тартканын жазууда.

Анда жазылгандай, жүргүнчү аял таксист аны күткөндүгү үчүн 57 рубль кошумча төлөшү керек болгон. Рустам аттуу таксист окуя тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, аял аны күтүп туруусун суранганын, ал таксиде жүргүнчүсүн 8 мүнөт күткөнүн айткан.

"Жүргүнчү аял кошумча 57 рублды төлөөдөн баш тартып, таксист экөөнүн ортосунда чыр чыккан. Бул акчаны төлөбөйм дегенден кийин таксист аны айткан дарегине жеткирбей турганын айткан. Буга аялдын ачуусу келип, туталанып, ызасы күчөп чатак сала баштаган", - деп жазылат маалыматтарда.

Андан кийин аял таксистке кемсинткен сөздөрдү айтып, жемелеп ал тургай бир канча жолу кол көтөргөн. Таксист журналисттерге жүргүнчү аялдын бул жоругун кечиргенин, бул буюртма тууралуу такыр унуткусу келгенин айткан.

Ал эми жүргүнчү аял фитнес клубда машыктыруучу болуп иштери жазылат маалыматтарда. Бул видео тарап кеткенден кийин жумуштан кетүүнү чечкен. Бирок жетекчилиги жана кесиптештери анын бул оюн кубатташкан эмес.

"Яна жумушта эч качан мындай болуп чыр салган эмес. Анын жумушуна биз да, келген кардарлар да ыраазы", - дешкен алар. Психолог болсо жүргүнчүнүн мындай мамилесин "психопатия" деп атаган.

Аймактар аралык "Таксист" профсоюзунун эксперти кардарды күтүү үчүн кошумча төлөм алуу - бул таксисттин эмес, аны ишке ашырган системдин куулугу деп айткан. Буга таксисттин эч кандай тиешеси жок, иштеп жаткан систем ошондой деген ал. Мындан тышкары, жүргүнчүнүн кылыгын чектен ашкан деп сыпаттап, мындай учурда таксист жүргүнчүнү унаадан түшүрүп жибериши керек деген.

"Бирок кайсы бир жагдайлар боюнча компанияга кардардан даттануулар келип түшсө, компания кайра эле таксистке айып салат. Буюртма учурундагы бир дагы мындай окуялар үчүн компания жоопкерчилик албай жатат, ал эми жүргүнчү менен таксисттин ортосундагы ушул сыяктуу көрүнүштөр көп да", - деген эксперт.






Ыйлап да алды. Жүргүнчү аялдын таксистке ызасы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(15)
13.02.2020. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Талаага алып барып таштап койбойсунбу мындай ажаан катынды.
13.02.2020. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сига балык менен эле башка чапчу аял экенго
13.02.2020. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жэр бетинде бирө жарым калдыбы ? Баары эле асманга чыгып , асманда өлчүдөй болушатго , бул жашоодо.
13.02.2020. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен болсом жеткирип коймокмун эч эле кыйынчылыксыз анчалык кылбай эле
13.02.2020. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ассалоому алейкум, таксиде укмуштай адамдар кезигет....тагдыр ушундай, шүгүр кылабыз, дуа кылабыз, башка нерсе рабочий класстын колунан келбейт... ай кыргызым кор болдук жер тентип ырыскы издеп,,,,...Жашоо керемет бир гана чиновниктерге мекенинде чарчап бийлик амал талашып жашашат
14.02.2020. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Suleiman-, сен чиновниктерди куноолобо. Озунду кунооло, демек жакшы билим албаптырсын убагында. Мен чиновник эмесмин, алган билимим менен жакшы жашайм. Гинекологмун. Жакшы кечипкойлор жакшы табат. Кесиби жоктор ар кимди куноолой беришет. Балдарынды тарбияла башкача. Сабак болсун сага.
13.02.2020. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таксист болгондон кийин мынданда хуже абалдарга даяр болуш керек, себеби элчилик, жиндиси, жакшысы жаманы баары чыгат унаага!
13.02.2020. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
жеткирип эле койбойбу чын эле шашып аткандырда
14.02.2020. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Altyn2017,шашып жатса жолдон срочно такси кармап кете бербейби, же 50 сомум толоп куттургонуно
13.02.2020. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таксист -от экен
13.02.2020. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой атаң көрүүүү
13.02.2020. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күйөөсүн бирөө менен кармап алган келин окшойт.
14.02.2020. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеткирип коймокмун жеткирип эле койбойбойбу дейсинер биз качан болсо озубуздун наркыбызды данкыбызды аброюбузду анан сыйыбызды кетирип журоберебиз. Аз акчагада 20 сааттап иштеп а орустар башкаргысы келет! Озунун орустарды согуптур! Ажаан аялды атандан калган машинада журбойсунбу куттургон сон толобойсунбу болбосо деп, таксисттин ордунда болгондо чачынан суйроп тушурмокмун шилекейи аккан куттурган тартиби жок психушка деп! Комментерде бут айымга асылгандар!
14.02.2020. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эй кок мээлер ажан катынга болушкан,иштеп коргулочу таксист болуп,куттурдубу толош керек да таенеси байлап берген кулу болсо да
14.02.2020. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ужас! Куттурдубу толосунда водитель жанынан толош керекби. Машинаны 2000р кунуно арендага алып айдашат ещё бензин мойка 57р да акчада ичбей жебей журушот. Тем боле ал таксистин эмес системанын куноосу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: