Депутат Төрөбаев: "Өкмөт үгүт иштерин жакшы жүргүзө албай жатат"
Депутат Бакыт Төрөбаев өкмөт үгүт иштерин жакшы жүргүзө албай жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Фейк, жалган маалыматтар көбөйүүдө. Өкмөт ушул боюнча маалыматтарын так жана даана жеткире албай жатат. Ал жагынан утулуп жатат. Ошондуктан жаштардын, элибиздин көз карашы ар кандай болуп калды. Маалымат мезгилинде жашап жатабыз. Биздин кыргыз балдарыбыз дүйнөлүк ири компанияларда иштешүүдө. Ошолорду алып келип, бош мезгилинде жаштар менен жолугуштуруп, алардын тажрыйбасын көз карашын угузалы. Жаштардын көз карашы өзгөрүп, ойлору башкача болуп калат. Өкмөт үгүттөө иштерин жүргүзбөй жатат. Ат-Башыда ачыла турган логистикалык борбор боюнча ар кандай ушактар айтылды. Жыйынтыгында ушактар жеңди. Өкмөт үгүт иштерин жакшы жүргүзүшү керек", - дейт Төрөбаев.

