super.kg logo

Жети-Өгүздө кошунасынан көз жарган 15 жаштагы кыздын окуясы. Кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылды

 

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 2019-жылы 6-майда 15 жаштагы кыз көз жарган. Бул окуяга кыздын кошунасы шектелип, тергөө иштери жүрүп жаткан. 2019-жылдын 17-августунда Жети-Өгүз райондук сотунун чечими менен бул кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кылмыш иши эки тараптын элдешүүсүнөн улам кыскартылган.

Ал эми Жети-Өгүз райондук үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмү кыз учурда кечки окуу классында билим алып жатканын, наристени жеңеси камкордукка алып, бирге багып жатканын билдирди.

Окуянын чоо-жайы:

Окуя Жети-Өгүз районунда катталган. 15 жаштагы кыз 6-майда Каракол шаарындагы төрөт үйүндө эркек бала төрөгөн. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган. Алдын ала маалыматтар боюнча кыздын ата-энеси да анын кош бойлуу экенин билишкен. Ошондой эле алар тарабынан арыз келип түшкөн эмес. Кыздын апасы класс жетекчиге кызынын буту сынып, Бишкек шаарында дарыланып жатканын айтып, дарыгерден алынган маалым катты алып барып берген. Кыз мектепке 7 айлык кош бойлуу болгонуна чейин келип жүргөн. Анын дене-мүчөсү толмочураак болгондуктан эч ким байкаган эмес. Бул окуяга шектелип, кыздын 20 жаштагы кошунасы сурак берип жаткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
13.02.2020. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Уйлонуп алышса болот екен бала да жаш екен 20 жашта пара эле екен
13.02.2020. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орустарды жаман коруп коебуз бирок аларда ушинтип балалуу болуп калса жардам беришип уй жайлуу жумуштуу кылып чогуу жашатып коет, Жана дайыма соц.защитадан текшерип тураттар! Сразу камап салбай же чунчутпой! Бизде Эми билбеймда
13.02.2020. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Arstan18.18,кечиресиз, бирок кыргыз тилинде "ТУРАТТАР"деген соз жок. Ошону тактап туура жазганы аракет кылсаныз жакшы болмок
13.02.2020. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
eljana,сен антип сөздөн ката издегенче синдинин былыгынан уялсан боло
13.02.2020. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Tynar1213,бул eljana уялса уялып жаткандыр, эч ким анын журогун ачып коргон жок да. Ал эми «Тураттар» деген соз жок экени боюнча чындыкты айтып жатпайбы!
14.02.2020. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
eljana,guard,тураттар деген соз жок, бирок говор, диалекти дегенден тушунук жок болуп туруп, озунорду сабаттуу сезип бироого сын такканынарга жол болсун. Сабаттуу болсонор башкача ой жугуртмоксунор. Эч кимдин, эч качан бироого диалекти колдонуп суйлогонуно тыюу салганга укугу жок. Уят!!! Китеп окугула.
Baktyluumun98 түзөттү 2020-02-14 00:33:54
14.02.2020. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Baktyluumun98,тураттар деген соз жокпу, анда андай жок созду жазбайт, диалект деген ал суйлошуп жатканынызда колдонсонуз болот, ал эми жазганда туура созу турганда жок созду жазуунун кажети жок, озунуз кобуроок окусаныз эн сонун болчудай, кайсы чыгармада ким колдонуптур тураттар деген созду, далилиниз барбы, ар кайсыны жазып, жаны создорду киргизе бербей...
14.02.2020. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
guard,негизи туура айтып атасын.Туура суйлош керек.
14.02.2020. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Baktyluumun98,туура, суйлогондо озунун диалектинде суйлой берсин,бирок жазганы келгенде диалектин тиешеси жок. Кыргыз тили бут аймакта бирдей эле окутулат.
eljana түзөттү 2020-02-14 12:59:45
14.02.2020. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алайдагы кыз жакшына куйоого тийип жашап жаткан жеринен ата энесин камаштыго.бул тийбей тороптур неге эч Ким камалган эмес
14.02.2020. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргыз тилчи болуп бири биринердин айыбын издегенче, кыргызча билбегендерге уйротсонор болмок экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: