super.kg logo

"Бакай Банк" "Алтын" менен өнөктөш болду: эми зер буюмдарды кредитке алса болот

 

«Бакай Банк» «Алтын», «Берен Голд» жана «Берекет Гранд» соода түйүндөрүндөгү бир катар дүкөндөр менен өнөктөш болду. Зер буюмдарды эми баштапкы салымсыз, кепил болчу адам жана жашаган жеринен ырастама алып келбестен кредитке алса болот.

«Алтын» ювелирдик холдинги ошондой эле Бишкектеги «Берекет Гранд» жана «Берен Голд» соода түйүндөрүндөгү бир катар дүкөндөр зер буюмдарды кредитке сатышат. Андыктан сизге жаккан асем буюм, сиз ойлогон баадан кымбатыраак болсо, анда 5 миң сомдон 150 миң сомго чейинки суммада берилчү кредитти толугу менен же болбосо бөлүп алсаңыз болот.

«Кредиттик эксперттер отурган банк бөлүмдөрү биздин өнөктөш дүкөндөргө абдан жакын жайгашкан. Андыктан жолдон өтүп келип, кредитти бир заматта алса болот», — дейт «Бакай Банктын» чекене кредиттөө башкармалыгынын башчысы Назгүл Токоева.

Артыкчылыктары:

  • Баштапкы салым зарыл эмес;
  • 50 миң сомго чейин болсо кепил болчу адамга муктаждык жок;
  • Жашаган жеринен ырастама талап кылынбайт;
  • Тез арада берилет;
  • Банктын бөлүмү «Алтын» жана «Берен Голд» дүкөндөрүнөн бир мүнөттүк жолдо жайгашкан.

Асем буюмдарды кредитке кандай алса болот?

«Бакай Банктын» өнөктөш-дүкөндөрүнө барып, сизге жаккан зер буюмду тандайсыз. Төлөөгө эсепти аласыз жана «Бакай Банктын» (ЦУМ-1 жана ЦУМ-2) бөлүмдөрүнө тиешелүү документтериңиз менен барып, кредит аласыз. Акча накталай берилбейт, ал өнөктөштүн эсебине которулат. Дүкөнгө кайтып келип товарыңызды алып кетесиз. Акыркы жана маанилүү кадам – колуңуздагы асем буюмду жакын адамыңызга белек кылыңыз.

Кредитти кимдер ала алат?

Акыркы жумушунда минимум 6 айдан бери иштеп жатканы боюнча ырастамасын алып келген 21 жаштан 65 жашка чейинки бардык жарандар. Ал эми «Бакай Банктын» маяна долбоорунун катышуучуларынан мындай маалым кат талап кылынбайт.

Оюңуздагы сатып алуу мүмкүнчүлүгүн коё бербеңиз!

Кененирээк «Бакай Банктын» сайтынан таанышыңыз — керектөөчү «Тунук» кредити же болбосо контакт-борборго чалыңыз: 6111

«Бакай Банк» — Кыргызстандын ири банктарынын бири, 20 жылдан ашык убакыттан бери бизнес жана жеке адамдар үчүн финансылык кызматтарды көрсөтүп келет. 2020-жылдын башында «БТА Банк» ЖАКын бириктирип алгандан кийин «Бакай Банк» уставдык капиталынын көлөмү жана филиалдык түйүндөрүнүн тармакташуусу боюнча өлкөдөгү эң ири банктардын бири болуп калды. Банктын 180 бөлүмү Кыргызстандын бардык аймактарында ыкчам жана ыңгайлуу кызмат көрсөтүүнү камсыздашууда.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: