super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз балбаны Мурат Рамонов дүйнөлүк рейтингде 10-орунда

 

Күрөштүн грек-рим түрү боюнча кыргыз балбаны Мурат Рамонов UWW'нын (Дүйнөлүк күрөш уюму) рейтингинде 10-орунда. Бул тууралуу аталган күрөш уюмунун расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, 7-9-февралда Алжирде өткөн күрөш бюнча Африка чемпиондугу жана 10-февралда Римде Европа чемпиондугу болду. Бул турнирлер рейтинг катары бааланып, 1-8-орунду алган балбандар упайларына жараша дүйнөлүк рейтингден орун алышты.

Мурат Рамоновдун салмагында (130 килограмм) Африка чемпиону болуп египеттик Абделлатиф Мохамед аталды. Ал бул беттеште 18 упай алып, жалпы упайларынын саны 50гө жетип рейтингде 2-орунга жайгашты.

Европа чемпиону румыниялык Алин Алексус болду. Ал турнирден 20 упай алып, рейтингде 9-орунга жайгашты.

130 килограмм салмакка чейинки дүйнөлүк рейтинг:

1. Риза Каялп (Түркия) - 72 упай

2. Абделлатиф Мохамед (Египет) - 50 упай

3. Оскар Пино (Куба) - 40 упай

4. Муминжон Абдуллаев (Өзбекстан) - 26 упай

5. Хэйки Наби (Эстония) - 25 упай

6. Якоби Кажайа (Грузия) - 25 упай

7. Эдуард Попп (Германия) - 20 упай

8. Амир Мохаммадали (Иран) - 20 упай

9. Алин Алексус (Румыния) - 20 упай

10. Мурат Рамонов (Кыргыз өлкөсү) - 18 упай






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: