super.kg logo
  Саясат  

БШКнын төрайымы: "Жакында шайлоо өтө турган шаарларга каттоого туруп жаткан жарандардын көбөйүшү тууралуу маалымат боюнча анализ жүргүзүлөт"

 

"Жакында шайлоо өтө турган шаарларга каттоого туруп жаткан жарандардын көбөйүшү тууралуу маалымат боюнча анализ жүргүзүлөт", - деп бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

"Жаранды каттоону эсепке алуу милдети Мамлекеттик каттоо кызматында. Толук маалыматты аталган кызмат бере алат. Бул маселе биздин көзөмөлүбүздө болот. Жакында шайлоо боло турган шаарларга каттоого жарандардын көбөйүшү тууралуу маалымат тараган. Ошого байланыштуу биз кечээ жумушчу кеңешме өткөрдүк. Ал жакка мамлекеттик каттоо кызматынан, укук коргоо органынан, Башкы прокуратурадан өкүлдөр келип, бул маселе талкууланды. Ош, Токмок, Балыкчы, Майлы-Суу жана Каракол шаарларында каттоого туруп жаткан жарандар боюнча маалымат берилди. Бул маселе боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү изилдөө жүргүзүлүп жатканын билдирди. Анализ жүргүзүлүшү керек", - дейт Шайлдабекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: