Сузакта 15 жаштагы Саодатхон Нурмаматова изделүүдө

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айылынын тургуну 2005-жылы туулган Саодатхон Нурмаматова изделет. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-февраль күнү болжол менен саат 11:00 чамаларында белгисиз себептерден улам үйүнөн чыгып кетип, кайра кайтып келген эмес.
Учурда 15 жаштагы Саодатхон Нурмаматованын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Өзгөчө белгилери: бою 170-175 сантиметр, акжумал, чачы кара, сол көзүнүн астында калы бар.
Кийген кийимдери: кара түстөгү узун күрмө, кара түстөгү кышкы бут кийим, күрөң түстөгү жашыл сызыгы бар баштыгы бар.
Эгерде дайынсыз болуп жаткан кыз тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, милиция кызматкерлери кабарлап коюну өтүнөт.
Байланыш телефону: 03748 5-02-09, 0552 56 92 56, 0770 25 11 26.






1 |