"Уул, келиндеримден кордук көрдүм" деген эненин балдары коомчулукка кайрылуу жасашты. Алар журналисттерге нааразы



Буга чейин интернет тармагына жашы 70ке таяп калган апанын видеосу тараган. Видеодо улгайган эне өзүнүн балдары менен соттошконун, сот анын үйүн өзүнө өткөрүп бергенин айткан. Мындан тышкары, ал балдарынан жана келиндеринен кордук көрүп, алар кол көтөрүп жүрүшкөнүн айткан.
Желдей тараган бул видеонун алдына ар түрдүү комментарийлер жазылып, көпчүлүк балдарына наалат айтышкан болчу. Бүгүн, 13-февралда Жалал-Абад шаарына караган Тайгараев айылында айыл элинин жыйналышы өттү. Жыйналыштагы видеону журналист Жумагүл Шайыкова жарыялады.
Ага ылайык, мени өз балдарым кордоп келди деген эненин 2 уулу, 1 кызы көпчүлүккө кайрылып, абалды эки тараптуу кароого чакырган. Алар апасына кол көтөрүшпөгөнүн, апасы өзү үйдө жашаганды каалабай башка жактарга кетип калып жатканын айтып чыгышты.
SUPER.KG порталы Тайгараев айылынын башчысына байланышканыбызда маалыматтарды тастыктап, төмөнкүлөргө токтолду.
"Бир тараптуу берилген маалыматтын айынан ал апанын балдары моралдык катуу сокку алды. Азыр бул видеону тараткан журналисттердин үстүнөн арыз жазабыз деп жүрүшөт. Апанын көзү ачыктык жайы бар, ооруларды көрөт, өзүнүн иши менен көп жерде жүрөт. Жарым жылда бир үйдө катуу чатак чыгарып турмай жайы бар дешет балдары, эми алардын ич-ара чыры сыртка чыгып кетти. Бирок журналисттер мындай маселеде кылдат болуш керек болчу. Балдар деле апасын үйүндө бакканга аракет кылышат, бирок өзү кээде ага көнбөй коёт. Бүгүн жыйналышка чакырсак келген жок, чогулган эл шаарга эне менен жолугуп, анын да пикирин укканы кетишти", - деди ал.



Кудай жазааласын.
1 |
(орусча жазганыма кечирим сурайм)
Корунуп эле турат го
Карыянын созундо конкретика бар, минтти тигинтти, идиш жуудурушат, урушат депб коркутушат деп
Балдарынын созундо конкретика жок
урган эмеспиз, каалаган жеринде жашай берсин деп.
Бир жерде турбайт дешет. Конечно турбайт коркутуп батырбай жатса келиндеринер
Манкурттар
Балдарынын созу чын болсо, энеге озунун уйун озуно берип, чыгып кетсин. Ай сайын акча салып турсун, эгер келиндеринер чогу жашагысы кел
Чогу жашай албасанар эненин уйун озуно берип чыгып кеткиле, акыркы кичуу манкурту чыгып кетсин сучка келини менен.
Карасанар буларды. Эне ыйык деген эле кооз создорду суйлоптур балдары видеого. Элдер, отурган аксакалдар, журналисттер сурабайбы, озунун уйун озуно жалгыз бошотуп бересинерби деп ? 4-баласы манкасын тарта албаган чипизрик бошотуп чыгабы деп.