super.kg logo
  Саясат  

Экс-депутат Алишер Мамасалиев: "Апрелде өтө турган жергиликтүү шайлоо бул келе жаткан парламенттик шайлоонун негизги даярдыгы". КҮНСОБОЛ

 

Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 12-апрелге белгиленген. Бул жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Бүгүн, 13-февралда депутат Кенжебек Бокоев жана Жанар Акаев жергиликтүү шайлоонун алдында айрым шаарларда убактылуу каттоого турган жарандар кескин көбөйүп жатканын айтып чыгышты. Мындан улам Жогорку Кеңешке Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү чакырылды.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Ош шаарында 2019-жылы 36 миң жаран каттоого турган. Ал эми акыркы ай ичинде эле 30 миңден ашуун адам каттоого турду. Бул 30 миң добуш бир партиянын пайдасына иштеп калбайт деген кепилдик барбы?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алишер Мамасалиев апрелде өтө турган жергиликтүү шайлоо бул келе жаткан парламенттик шайлоонун негизги даярдыгы деген ойдо.

"Биринчиден ошол жергиликтүү шайлоого катышкан саясий партияларга кайрылат элем. Жогоруда берген маалыматы жөн гана маалымат каражаттарына таратпай далил, фактылар менен прокуратурага жана БШКга арыз менен кайрылышы керек. Ошондо гана бул маселени тактап, юридикалык бааны берсе болот. Бул нерсени ким же кайсы партиянын мүчөлөрү жасап жатышат? Коркпой ачык жана так айтышыбыз керек. Андан тышкары, адамдарды каттоого тургузуу маселеси шайлоо учурунда бул түздөн-түз жергиликтүү жетекчилерге байланыштуу себеби шайлоонун жыйынтыгы алардын саясий келечегине сөзсүз таасир тийгизет. Жалпысынан айтканда апрелде өтө турган жергиликтүү шайлоо бул келе жаткан парламенттик шайлоонун негизги даярдыгы, ошондуктан бийлик буга өзгөчө көңүл бурушу керек", - дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: