super.kg logo
  Саясат  

«Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

 

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 22-январында кабыл алынган. Аталган мыйзам менен салыктык жалпы декларациялоо 2026-жылга чейин жылдырылды жана жеке жактардын айрым категориялары үчүн бирдиктүү салык декларацияны тапшыруунун милдеттүүлүгүн этап боюнча киргизүү каралды.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, бирдиктүү салык декларациясын берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92-беренесинин талаптары:

1) 2021-жылдан тартып башталган мезгил үчүн төмөнкүлөргө жайылтылат:

— Илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо - ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруучу-тескөөчү иш-милдеттер менен байланышпаган башка иштерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында болгон органдарда, мекемелерде, ишканаларда жана уюмдарда иштеген жеке жактарга;

— Мамлекеттик органдарда, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар менен мекемелерде, ошондой эле мамлекеттик үлүштүк катышы бар уюмдарда иштеген жеке жактарга;

— Эл аралык уюмдардагы иштен киреше алган, Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган, бирок өлкөдө жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жеке жактарга;

— Салыктык мезгилде эсептик көрсөткүчтүн 3000 эселенген өлчөмүнөн жогору суммада менчик укугун же мүлккө болгон башка укугун сатып алууга багытталган бир жолку чыгымдарды тарткан жеке жактарга.

2) 2023-жылдан тартып башталган мезгил үчүн салыктык мезгилде салык салынуучу кирешелерди алган жеке жактарга жайылтылат.

3) 2025-жылдан берки мезгилдеги бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 92-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын бардык категорияларына таркатылат. Ошондой эле кабыл алынган мыйзамга ылайык 2021-жылдан, 2023-жылдан же 2025-жылдан тартып башталган мезгил үчүн бирдиктүү салык декларациясын берүүгө милдеттүү субъекттер бирдиктүү салык декларациясын көрсөтүлгөн мезгилдер башталганга чейин ыктыярдуу негизде берүүгө укуктуу. Мыйзам 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: