"Нарында медицина кызматкерлери Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлүнө "чай ичирди" үчүн 200 сомдон чогултушкан". Депутаттын билдирүүсүнө министрлик жооп берди

Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Аида Исмаилова Нарын облусунун медициналык кызматкерлери Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлерине чай ичирди кылуу үчүн 200 сомдон чогултканын айтып, нааразычылыгын билдирди.

Саламаттыкты сактоо министрлиги бул окуя боюнча төмөнкүдөй маалымат таратты.
"Депутат Аида Исмаилованын Нарын райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун медицина кызматкерлери министрликтин комиссия мүчөлөрүнө "чай ичирди" үчүн акча чогултту деген маалыматы чындыкка жатпайт. 2020-жылдын башынан бери министрликтин комиссиялык курамынын кызматкерлери жана жетекчилери Нарын облусуна барган эмес. Нарын облусуна министрликтин кызматкерлеринин иш сапарга баруусу үчүн кадрдык бөлүмүнүн расмий өкүмү чыккан эмес. 30-январь күнү гана коронавируска байланыштуу "Торугарт" санитардык-карантин пунктунун даярдыгын көрүү үчүн министрге иш сапарга барууга буйрук чыккан. Жолдун алыстыгынан жана бир күндүк убакыт аз болгонуна байланыштуу министрдин медициналык жайларды кыдырууга жана текшерүүгө убактысы болгон эмес.
Бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координатору Нарын облустук жана райондук үй-бүлөлүк медицина кызматкерлерин чогултуп, чогулуш өткөрдү. Чогулушта медициналык жайлардын жетекчилери жана кызматкерлери окуя тууралуу депутаттын сөзүнөн кийин билишкенин айтышты. Ошондой эле жалпы дарыгерлердин дарегине айтылган сөз алардын ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизерин билдиришип, депутатка маалыматты берген адамдын аты-жөнүн ачык айтууну суранышты. Медициналык кызматкерлер жамааттык чечим менен депутатка кайрылмай болушту", - деп жазылат маалыматта.



Болгону үчүн айтып жатат да ким оюнан чыгарып айтсын