super.kg logo

Антарктикада биринчи жолу абанын температурасы 20 градуска көтөрүлдү

 

Антарктиканын тарыхында биринчи жолу абанын температурасы 20 градуска көтөрүлдү. Бул тууралуу "The Guardian" басылмасы жазды.

Анда айтылгандай, Бразилиянын окумуштуулары Антарктикада биринчи жолу абанын температурасы 20 градуска көтөрүлгөнүн билдиришкен. Мындай көрүнүш Сеймур аралында орун алган. Окумуштуулар бул жагдайды "укмуштуу жана чектен ашуу" деп баалашкан.

Буга чейин мындай жагдай 1982-жылы январь айында Сигню аралында катталган. Анда абанын температурасы 19,8 градуска жылыган.

6-февралда Антарктиканын жарым аралында абанын температурасы 18,3 градус цельсия болуп, тарыхый рекорд деп таанылган. Андан көп өтпөй рекорд жаңыланып олтурат. Бирок бул маалымат Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюм тарабынан тастыктала элек.

Антарктикадагы абанын температурасынын көтөрүлүшү муз топтомдорунун эрүүсүнө алып келет. Бул жерде дүйнөдөгү суунун 60 пайыз запасы муз жана кар түрүндө жайгашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.02.2020. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
демек быйыл кун ыссык болот окшойт
15.02.2020. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Антарктида эрисе океандын деңгээли да көбөйөт окшойт
15.02.2020. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Антарктида ээрисе, бүт өнүккөн өлкөлөр суу астында калып кетишет, как 2012 фильминдей болуп, пока ээрибей эле турсунчу, биз тынчыганга чейин, бизден кийин жарылып кете берсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: