super.kg logo

Экс-мэрлердин соттук иши: Бүгүн Кубанычбек Кулматовдун туулган күнү, отурумга жакындары гүл көтөрүп келишти

 

Бүгүн, 14-февралда Бишкек шаардык сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовго козголгон кылмыш иш боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралмак.

Бирок бүгүнкү процесске Бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусовдун жактоочусу Бакыт Осмоналиев жана "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын башчысы Асхат Түлебердиевдин жактоочусу Анатолий Хегай келбегендигине байланыштуу соттук отурум жылдырылды.

Ишке сот Адис Момуналиев төрагалык кылууда. Ал эми соттук коллегияда Алмаз Карабеков жана Нурлан Чериков бар.

Бүгүн соттук отурум баштала электе эле залга бир топ адам топтолду. Алар негизинен экс-мэрлердин жакындары. Алардын арасында Кубанычбек Кулматовду бүгүн, 14-февраль туулган күнү менен куттуктап, букет гүл көтөрүп келгендер болду.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

2016-жылдан 2018-жылга чейин Бишкек шаарынын мэри болгон Албек Ибраимовго карата 2018-жылдын май айында “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш экс-мэрдин “Дастан” ишканасын жетектеп турган мезгилге байланыштуу экендиги айтылган. Июль айында ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган.

Кийинчерээк Ибраимовго карата “коррупция” беренеси боюнча жаңы айып угузулган. Анда ал Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталган.

Ал эми 2014-жылдан 2016-жылга чейин мэр кызматын аркалаган Кубанычбек Кулматовго карата 2018-жылдын май айында "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, июнь айында камакка алынган. Ал Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталган.

2019-жылдын 23-декабрында Ленин райондук сотунун чечими менен Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылса, Кубанычбек Кулматов 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирилип, сот залынан бошотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.02.2020. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эркелете бербе
14.02.2020. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Куттуктайбыз туулган күнү менен! Аттиң ушундай жерде тосуп атканы.
14.02.2020. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыр бийликтен эч акыйкат умут кылып кереги жок болуп калды. Сооронбай Жээнбеков акыйкат иш жургузбой, жеке кызыкчылыгын коздоп жатабы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: