Өкмөт: "Адистер балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында үйлөрдү кыдырууда"
Бардык райондордо балдарга карата катаал мамилени, зордук-зомбулуктун алдын алуу, оор жашоо шартындагы балдарды аныктоо жана мониторинг жүргүзүү максатында райондук штабдын мүчөлөрү үйлөрдү кыдырууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул иштер балдарга карата зордук-зомбулуктар көп катталып жатканына байланыштуу өкмөттүн тапшырмасынын негизинде аткарылып жатат. Райондук штабдардын мүчөлөрү мигранттардын балдары тарбияланып жаткан үй-бүлөлөргө мониторинг жүргүзүү максатында кожолуктарды кыдырып, балдарга карата физикалык жана психологиялык жактан зомбулук жасоого, катаал мамиле кылууга жол бербөө тууралуу калкка маалымат жеткирүү иштерин жүргүзүүдө. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен жашоо шарты оор балдардын автоматташтырылган маалымат базасын ишке киргизген. Маалымат базасы жашоо шарты оор балдарды ыкчам аныктап жана аларды коргоо үчүн тийиштүү чараларды көрүүнү шарттайт. Бала аныкталган учурдан тарта бардык маалымат бирдиктүү базага түшөт. Базадагы маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгү тармактык мамлекеттик органдардын кызматкерлеринде бар. Ар бир мамлекеттик орган бала кандай жардамга муктаж экенин дароо аныктайт.






1 |