super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "СЭЗде иштеген 2 Кытай жараны коронавируска кабылды деген маалымат жалган" деп билдиришти расмий өкүлдөр

 

Буга чейин "Элдик кабар" бөлүмүнө "Бишкектеги СЭЗде (Эркин экономикалык зона) иштеген 2 Кытай жаранынын дене табы көтөрүлүп, ооруканага алып кетишти, биз коркуп жатабыз" деп окурман кайрылган. Окуя тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун директору Рыспек Сыдыгалиевге SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди:

- Эркин экономикалык зонада иштеген эки Кытай жаранынын дене табы көтөрүлгөндө ал жактагылар коркуп, Жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына алып барышкан. Ал жерден жарандар текшерилип, дене табы түшкөн соң консультативдик эксперттик топтун уруксаты менен ооруканадан чыгарылган. Эки жаран тең Эркин экономикалык зона Бишкекке кеткен. Ал жакта алар дагы деле карантинде кармалып жатат. Мен өзүм барып, абал менен таанышып келдим. Алардын өздөрүнүн жатаканасы бар. Ошол жакта медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүндө болушат. 14 күн болгондон кийин гана жумушка чыгышат. Кооптонуп жаткан жарандарга айтарым, эч кандай кооптонбой койсоңуздар болот.

Эркин экономикалык зонанын басма сөз кызматчысы Кыялбек Эсеналиевдин айтымында, Кытай жарандары мурунку Ганси авиабазасы жакта Саламаттыкты сактоо министрлигинин обсервациялык жайынан өтүп, карантинден чыгып келишкен.

"Эки Кытай жараны бизге мурунку Ганси авиабазасы жакта Саламаттыкты сактоо министрлигинин обсервациялык жайынан өтүп, карантинден чыгып келишкен. Ошого карабай Эркин экономикалык зонанын өзүнүн обсервациялык жайына киргизилишкен. 10-февраль күнү экөөнүн дене табы жогору болгондуктан Саламаттыкты сактоо департаментине чалып, аларды чакырганбыз. Алар келип эки жаранды текшерип, изоляторго алып барып, ал жерден тесттерди өткөрүп, жообу терс болгон соң бизге жөнөтүштү. Эркин экономикалык зонада иштеген Кытай жарандары коронавируска кабылды деген кеп чындыкка да келбейт", - деди Кыялбек Эсеналиев.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы төмөнкүдөй маалымат берди: "Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан даярдалган иш-аракет алгоритмине ылайык, Кыргыз өлкөсүнө келген бардык жарандар термометрия жана жогорку дем алуу органдарын изилдөө лабораториясынан өтүшөт. Ал жакта 3 күн керектүү лабораториялык анализдер жүргүзүлөт. Эгер эч кандай күмөн болбосо, анализдери жакшы чыкса, 3 күндөн кийин жашаган аймагында карантин убактысы бүткөнчө медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө болот".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
14.02.2020. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Сактанганды кудай сактайм дейт Кытайсыз ишибиз жүрбөй калды беле. Акча үчүн кытайларды киргизбей турсаңар эмне болот
14.02.2020. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Олуп кетип атасынарбы, киргизбей эле койбойсунарбы, бир убакытта экоонун табы которулсо жаман жышаан, онуккон олколор зорго билип атышат силер текшерип текшере элек эле таза экен дейсинер, ылайым таза болсун бирок ото этият болуш керек
14.02.2020. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озбекстан аркылуу да 10кытай кирип Тогуз Торого келишиптир,аны бироо байкап калып кабар берип,больницадагылар ызы чуу тушуп алып келген шофёрун кошуп Бишкеке жонотушту.
14.02.2020. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ушу кытайлар чекеге чыккан эле чыйкан болду го.
14.02.2020. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизди ошол Кытайлар кайсы тешиктен кирип келишти, кимдин уруксаты менен, ошону тактап бериниздерчи Супер Инфо...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: