super.kg logo

ИИМ Баткендеги чек арага жакын айылдык кеңештин төрагасы Сапарали Бөрүбаевди ээнбаштыкка шектүү деп кармады

 

Баткен облусунун Лейлек районунун Катраң айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев ээнбаштык фактысына шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Ушул жылдын 12-февраль күнү Катраң айылынын 47 жаштагы тургуну саат 19:00 Бөрүбаев Сапарали эч бир себепсиз уят сөздөр менен акаарат кылып, уруп денесине зыян келтиргендиги боюнча арызданган.

Бул арыз Лейлек РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Ээнбаштык” фактысы менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ал эми арыз ээсинин алган жараатынын канчалык даражада экенин аныктоо үчүн тийиштүү экспертизалар дайындалып, Лейлек аймактык ооруканасына жаткырылган. Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүгү менен Бөрүбаев Сапарали шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына 14-февраль күнү киргизилди. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Сапарали Бөрүбаевдин жубайы Майрам Досматова окуя тууралуу SUPER.KG порталына буларды айтып берди. Айтымында, анын жолдошун милиция кызматкерлери үйдөн келип кармап кеткен эмес.

"Жолдошумду үйдөн келип эч ким кармап кеткен эмес. Бул жерде эч кандай деле мушташ болгон жок, алар жөн гана айтышып кетишкен", - деди Досматова.

Сапарали Бөрүбаев Баткендин Тажикстан менен чек арасындагы көйгөйлөрдү айтып чыгып, Бишкекте бир катар күч органдарына сурак бергени маалым.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
14.02.2020. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Атың чыкпаса жер өрттө!
14.02.2020. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Көпкөндөн ушул Сапарали көптү шоопурдун арты менен ишке келип.
14.02.2020. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Бул Сапарали жаман кыйратып иштеп салгансып сүйлөйт да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: