super.kg logo

Ош шаарында түнү көчөгө ташталган 2 жаштагы наристенин апасынын ата-энелик укуктан ажыратуу маселеси каралууда

 

Ош шаарында түнү көчөгө ташталган 2 жаштагы наристенин апасынын ата-энелик укуктан ажыратуу боюнча социалдык коргоо кызматкерлери карап жатышат. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, наристе учурда балдар үйүндө. Ал эми бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Окуянын чоо-жайы:

2019-жылдын 29-декабрда түнкү саат 01:30 чамасында милиция кызматкерлерине "Тез жардам" кызматынан кебетеси европалык болгон 2 же 3 жаштагы кызды шаардагы көчөлөрдүн бирине белгисиз адамдар таштап кетишкени кабарланган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Милиция кызматкерлери кыздын ата-энесин издеп, наристе шаардагы реабилитациялык борбордо багылып жатканы айтылган. Ал эми 2020-жылдын 20-январда наристенин апасы кармалган. Эне алгачкы көрсөтмөсүндө наристесин таштаган эмес экенин айткан. Ал мас болуп уктап калганда кызы басып кеткенин айткан. Ага бирге ичимдик ичкен достору ал изделип жатканын айтышкан, бирок ал кызын издеген эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.02.2020. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо Кочкор атадагы тонуп калган наристени Ким таштаганы табылдыбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: