super.kg logo
  Спорт  

“Азалия-СДЮШОР СИ” командасы футзал боюнча кыздар арасында (U16) өлкө чемпиону болду

 
“Азалия-СДЮШОР СИ" командасы
"Беловодск" командасы
“Таш-Көмүр” командасы

Бишкекте 10-14-февраль күндөрү футзал боюнча кыздар арасындагы (U16) өлкө чемпиондугу болуп өттү. Бул турнир "VIVAT" спорткомплексинде өтүп, жалпы 7 команда катышты.

Финалдык беттеш бүгүн, 14-февралда өтүп “Азалия-СДЮШОР СИ" (Бишкек) командасы финалда “Беловодск” (Чүй) командасын 6:0 эсебинде жеңип, чемпион аталды.

Үчүнчү орун үчүн беттеште “Таш-Көмүр” (Жалал-Абад) командасы “Ысык-Көл” (Ысык-Көл) командасын 6:2 эсебинде жеңип, коло байгеге ээ болду.

Бул турнир жыйынтыгы менен мыкты оюн көргөзгөн оюнчулар аныкталып, мактоо баракчалары тапшырылды.

Мыкты дарбазачы: Маслякова София “Беловодск” командасы;

Мыкты коргоочу: Ибашева Каныкей “Таш-Көмүр” командасы;

Мыкты оюнчу: Рысбекова Медина “Ысык-Көл” ккомандасы;

Мыкты бомбардир: Каратаева Аяна “Азалия-СДЮШОР СИ" (14 гол)






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.02.2020. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодцы кыздар. Спорт менен машыгып, сулуу, татынакай болуп журо бергиле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: