Өкмөт башчы: "Экономикалык өнүгүү болмоюнча социалдык чөйрөдө оңдуу жылыштар болбойт"
Экономикалык өнүгүү болмоюнча социалдык чөйрөдө оңдуу жылыштар болбойт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2019-жылы аткарган иштерин жана 2020-жылдагы милдеттерин талкуулаган кеңейтилген коллегиясында билдирди.
«Жалал-Абад облусу – өнөр жай, энергетика жана туризм чөйрөсүндө олуттуу потенциалы бар аймак. Муну менен катар ушул жана башка тармактардын өнүгүүсүнө тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай жатат. Мисалы, айрым жарандар өз каражаттарын салып, өндүрүш ишканаларын жана жумуш орундарын түзүп жаткан инвесторлордун иштөөсүнө мүмкүнчүлүк бербей жатат. Ошол эле учурда буга жергиликтүү бийлик аракет көрбөйт жатат", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчы аймактын өндүрүштүк иш-аракетин, анын ичинен Майлуу-Суу лампа заводун колдоонун зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.
Ошондой эле өкмөт башчы аймактарды өнүктүрүү саясатынын алкагында элеттеги ишкерликти өнүктүрүүгө кошумча 4 миллиард сом бөлүнгөнүн белгиледи.
.








1 |