super.kg logo

Улуу Британияда небересин колдоого келген чоң энеге кокусунан башына топ тийип, каза болду

 

Улуу Британиянын Тонтон шаарында небересин колдоого келген чоң энеге кокусунан башына топ тийип, каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 12-январда 69 жаштагы Женнифер Селвуддун небереси өспүрүмдөр арасындагы регби оюну боюнча мелдешке катышып жаткан. Ал атайын оюнду көрүп, небересине колдоо көрсөтүү максатында оюнга келген.

"Женнифер Селвуд кетүүгө даярданып жаткан. Бирок аны дагы беш мүнөткө отура турууну суранышкан. Бир убакта ойноп жаткан оюнчу топту тепкенде кокусунан айымдын башына тийген. Ал ошол жерден жыгылып, жанындагылар "Тез жардам" чакыртышкан. Аны шаардык ооруканага алып барышканда абалы оор экенин айтышып, мындан улам аны Бристоль шаарындагы ооруканага которушкан. Ал аталган бейтапканада эки апта комада жатып, 25-январда каза болгон. Анын артында жолдошу, эки баласы жана 4 небереси калды", - деп жазылат чет элдик басылмаларда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
15.02.2020. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Уй булоомдун жана жеке озумдун атымдан терен кайгыруу менен конул айтам,жакшы кемпир болсу
15.02.2020. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
islan_85,таанычу белениз?
15.02.2020. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
islan_85,жашын куркка келип калыптыр тамашан жаш балдардын тамашасындай экен, уят.
15.02.2020. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
islan_85,кайрат кыл эми.
15.02.2020. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ажал ушундай кете беребиз
15.02.2020. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кокустук
15.02.2020. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кырсык каш кабактын ортосунда деген ущукенда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: