Ошто Ооган согушунда каза болгон жоокерлер эскерилди
















Ошто Ооган согушунда каза болгон жоокерлер эскерилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Бүгүн, 15-февраль күнү Ошто Оогандан советтик жоокерлердин чыгарылышынын 31 жылдыгына арналган аза күтүү болду. Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Ооган согушунун интернационалист жоокерлери, курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү, аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери, шаардык тургундар жана мекеме, ишканалардын жетекчилери катышты.
Алгач эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, Ооган согушунда баатырларча курман болгон жоокерлерди эскеришти.
"Бүгүнкү күндө Ооган согушунан кайтпай калгандардын үй-бүлөлөрүнө, катышуучуларына мамлекет, мэрия тарабынан колдоо көрсөтүлүп келет, бирок алардын кайгысын, муңун эч нерсе менен алмаштыргыс, ошондой болсо да алар өздөрүнүн кайтпай калган эр азаматтары менен сыймыктанып жашап келет, анткени алар кан майданда ата мекендин буйругун аткарып жатып, баатырларча курман болушту”, - деди Кадыров.
Иш-чаранын жүрүшүндө жаш муундарды мекенчил болууга тарбиялоодо, коомубуздагы туруктуу жарандык позициясы, жоокердик милдеттерин аткарууда көрсөткөн үлгүлүү жана үзүрлүү ак эмгектери үчүн, советтик армиянын чектелген аскер контингентинин Ооганстан Демократиялык Республикасынан чыгарылганынын 31 жылдыгынын урматына бир нече интернационалист жоокерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.
Мындан тышкары Ооганстандан кайтпай калган жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө мэриянын стипендиялары ыйгарылды. Ошондой эле жаш жоокерлер Ооган жеринде курман болгон интернационалист жоокерлердин жаркын элестерине аскердик урмат көрсөтүп, салтанаттуу марш менен өтүштү. Жыйынтыгында жоокерлердин арбактарына куран түшүрүлдү.


