Аба ырайы. 16-февралдан 20-февралга чейин өлкө аймагында кар жаашы күтүлөт

16-февралдан 20-февралга чейин өлкө аймагында кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
16-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Талас, Баткен облустарында жана Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
17-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 17-февралда күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.
18-февралда жана 19-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. 19-февралда күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
20-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күртүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-19-февралда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.


