super.kg logo
  Саясат  

"Баткен эч качан Тажик тарапка тиешелүү болгон эмес жана болбойт". Тажик генерал-майорунун сөзүнө Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары жооп берди

 

Тажикстандын айрым массалык маалымат каражаттарында "Тарыхты көтөрө турган болсок, мурда Баткен эч качан кыргыздын жери болгон эмес" деген аталыштагы макала жарыяланып, анда милициянын генерал-майору, Согдий облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Абдулло Навжувонов "биздин ата-бабаларыбыз кыргыздарды алып келип, ушул жерди берген, ал эми бүгүн болсо, Тажик тарап үчүн бул көйгөй жаратып жатат" деген сөздөрдү айткан. Буга байланыштуу 13-февраль күнү Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлигине Тажикстандын Кыргыз мамлекетиндеги элчиси Назирмад Ализода чакырылган.

Жогорудагы тажик генерал-майорунун сөзүнө Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев жооп кайтарганын аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Баткен эч качан Тажик тарапка тиешелүү болгон эмес жана болбойт дагы. Мен жеке өзүм генерал-майор Абдулло Навжувоновду тааныйм. Биз акыркы жолу чек ара маселесин чечүү боюнча 2019-жылдын 17-сентябрында жолуктук. Генерал-майорду тарыхты таптакыр билбеген адамдар адаштырууга аракет кылган окшойт. Бирок мамлекеттик органдын өкүлү болуп туруп ушундай маалымат таратканы кечиримсиз. Мен деле Ворух менен Чорку аймагы Кыргыз өлкөсүнө карайт деп айтып койсом болот. Бирок бул жер маселеси өтө маанилүү жана чек арада жашаган миңдеген адамдардын тагдыры менен байланыштуу. Азыр эки өлкөнүн президенттери чек ара маселесин чечүү үчүн иштешип жатат. Андыктан Кыргыз өлкөсү эл аралык нормаларды сактап, ортодогу макулдашуулар менен гана иш жүргүзөт. Ал эми генерал-майор бул сөзү үчүн жок дегенде, Тажикстандын элинен кечирим сурайт деп ишенем", - деген билдирүүдө Алимбаев.






Тажик генералына Кыргыз тараптын жообу: “Баткен Тажиктики болгон эмес, болбойт дагы“

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: