super.kg logo
  Спорт  

Зинедин Зидан "Манчестер Сити" клубунун Европадагы мелдештерден эки жылга четтетилиши боюнча оюн айтты

 

Испаниянын "Реал Мадрид" клубунун башкы машыктыруучусу Зинедин Зидан "Манчестер Сити" клубунун Европадагы беделдүү мелдештерден эки жылга четтетилиши боюнча оюн айтты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

"Мен Европада эртең эмне болуп кетерин билбейм. Бул чечим биздин Чемпиондор Лигасындагы оюнубузга таасирин тийгизбейт деп ойлойм. "Манчестер Сити" бул Европадагы күчтүү жана атаандаштыкты жарата алчу команда", - деп билдирген башкы машыктыруучу.

"Реал Мадрид" менен "Манчестер Сити" Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалында ойношот. Алгачкы оюн 27-февралда Мадрид шаарындагы "Сантьяго Бернабеу" стадионунда өтөт.

Эске салсак, буга чейин Англиянын "Манчестер Сити" футболдук клубу каржы келишимин бузганы үчүн УЕФА тарабынан Европадагы мелдештерден эки жылга четтетилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.02.2020. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Зидан лысый аябай суйунуп жатса керек бул четтетуу Ман сити футболчуларынын психикасына чон таасир берди болуш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: