Орусияда Кыргыз жараны толгоосу башталып калган өзүнүн кардарына жардам берди
Орусияда курьер болуп иштеген Кыргыз жараны Мирлан Жамалдинов толгоосу башталып калган өзүнүн кардарына жардам берди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Мирлан Жамалдинов Москвада жеткирүү кызматында иштейт. Ал күндөгүдөй эле буйрутманы жеткирүү үчүн айтылган дарекке барганда кардар көпкө чейин чалууга жооп берген эмес. Ал акыры аталган кардардын үйүнө барууну туура көргөн.
"Эшикти кош бойлуу айым ачты. Ал буйрутманы алгандан кийин анын толгоосу башталып кетти. Мен аны төрөтканага алып барууну сунуштадым. Бирок ал макул болгон жок. "Тез жардам" чакыртып, алар келгенге чейин аялдын жанында болдум", - деген ал.
Көз жарган аял алгач ага жардам берген жаранды эстей алган эмес. Кийинчерээк жеткирүү кызматына байланышып, Мирлан Жамалдиновго ыраазычылыгын билдирген.













1 |