"Кумтөр" кенинде экскаватору менен кошо көлгө түшүп кеткен жарандын жансыз денеси табылды
"Кумтөр" кенинде экскаватору менен кошо көлгө түшүп кеткен жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 15-февраль күнү саат 18:00 чамасында "Кумтөр Голд Компани" руднигинин жанындагы “Голубой Залив” көлүнө 1966-жылы туулган И.Ж. аттуу эркек киши экскаватору менен түшүп кеткен. Бүгүн, 16-февралда издөө иштеринин натыйжасында "Кумтор Голд Компани" ишканасынын техникалары жана ӨКМнын Каракол шаардык №15 куткаруу кызматынын жардамы менен саат 11:00 чамасында сууга түшүп кеткен экскаватор чыгарылып, куткаруучулар экскаватордун ичинен маркумдун жансыз денесин алып чыгышты. Жансыз дене ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деди ӨКМдан.
Кечээ, 15-февралда "Кумтөр" кенинде экскаватор айдоочусу менен кошо көлгө түшүп кеткен. Аны издөө иштери жүрүп жаткан болчу.
Буга чейин "Кумтөр" кениндеги Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмар кескин түрдө жылып, анын кесепетинен эки кызматкер дайынсыз болуп жаткан. 10-январда 2 жумушчунун издөө иштери токтотулгандыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкен.
Ага ылайык, көчкү жүргөндөн кийин дайынсыз болуп жаткан эки адамды издөө иштери алардын жакындарынын жана компаниянын 2 тараптуу макулдашуусунун негизинде токтотулган.


