super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Үйлөрдө мал союуга тыюу салынса, балдар мал союуну билбей калышат"

 

Депутат Асылбек Жээнбеков үйлөрдө мал союуга тыюу салынса, балдар мал союуну билбей калат деген пикирин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Жыйында “Жаныбарларды коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралууда. Баяндаманы Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов жасап жатат.

Асылбек Жээнбеков малды идентификациялоо иши жүрүп жатканын айтты. “Үйлөрдө мал союу болбош керек деп айтып кеттиңиз. Анда биз кыргыз болбой калабыз да. Балдар мал союуну билбей калышат. Биз кыргыздар мал союуну унутпай келе жатканыбыз менен айырмаланабыз. Ал эми этти сатууга чыгарса анда башка кеп. Жакшылык-жамандыкта текшерилген малды сойсо болот да”, - дейт Жээнбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: