Каттоосун алмаштырган, бирок паспорттогу белгиси жок жарандар жергиликтүү шайлоого катыша алышпайт
Шайлоо укугуна жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана биометрикалык каттоодон өткөн жарандар ээ болушат. Мындай маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
2020-жылдын 12-апрелинде өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн алдын ала тизмеси Мамлекеттик каттоо кызматынан Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилди.
Шайлоочулардын алдын ала тизмесине 340 479 адам же Кыргыз өлкөсүнүн шайлоочуларынын жалпы санынан дээрлик 10 пайызы киргизилди.
"Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамына ылайык, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана биометрикалык каттоодон өткөн жарандар добуш берүү укугуна ээ болгондуктан, алар добуш берүүгө катыша алышат. Жарандардын жергиликтүү жамаатка таандыгы паспорттогу тиешелүү белги менен ырасталууга тийиш.
Мыйзамдын талаптарына ылайык, каттоосун алмаштырган, бирок паспорттогу белги жок жарандар болсо, жергиликтүү шайлоолордо тиешелүү тизмеге киргизилиши мүмкүн эмес экенине БШК өзгөчө көңүл бурат", - деп билдиришет маалымат кызматынан.
22-февралда шайлоочулардын алдын ала тизмеси шайлоо участокторуна илинет. Жарандар тизмеде бар же жок экендигин шайлоо участогуна келип же www.tizme.gov.kg шилтемеси аркылуу “Тизме” порталынан, ошондой эле 119 номерине чалып, өзүн текшерсе болот.
Шайлоочулардын алдын ала жана контролдук тизмесинен ар кандай катаны же так эместикти тапкан учурда же тизмеде жок болсо, ар бир жаран 28-мартка чейин өзгөртүүлөрдү киргизүү же шайлоочулардын тизмесине кошуу жөнүндө арыз (1-форма боюнча) менен паспортун (ID-картасын) көрсөтүп, көчүрмөсүн арызга тиркеп, тиешелүү участоктогу шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуу.
БШК шайлоодо ар бир шайлоочу биометрикалык иденттештирүүдөн өтүүгө тийиш экендигин эскертет. Бул башка бир шайлоочу үчүн добуш берүүнү жана добуш берүүгө катышууну бурмалоону жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.
Жашаган жери боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын органдарында биометрикалык каттоодон өтүүгө мүмкүн. Региондор боюнча шайлоочулардын алдын ала тизмелери менен төмөнкү шилтеме аркылуу кеңири таанышса болот.





1 |