super.kg logo

Оштогу массалык каттоо боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылды

 

Ош шаарында жыл башынан бери жашаган жери боюнча каттоого турган жарандардын саны өстү. Жарандардын массалык каттоого туруусу шаардык кеңештин шайлоосуна байланыштуу экендиги айтылган. Бул факт боюнча "шайлоочулардын добуштарын сатып алуу" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын Башкы прокуратурадан билдиршет.

"7-февралда айрым жергиликтүү маалымат булактарына студенттерди, мугалимдер жана факультеттин башчылары тиешелүү аймакка каттоо үчүн паспортторун алып келүүгө мажбурлап жатканы тууралуу маалыматтар жарыяланган. Ал эми студенттерге материалдык сый акы жана окуусуна жардам берилери убадаланган деп айтылган маалыматта.

Бул факт Ош ШИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "шайлоочулардын добуштарын сатып алуу" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Мындан тышкары 12-февралда Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Калкты каттоо жана паспорт менен камсыз кылуу бөлүмүнүн жетекчиси Н.К`га мыйзам бузууга жол берилбесин деген эскертүү берилди", - деп кабарлашты мекеменин маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
17.02.2020. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мыйзам бузуу катталган болсо аларга чара колдонуу зарыл.
17.02.2020. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
МЫЙЗАМДЫ КИМ БУЗСА ЖООП БЕРИШИ КЕРЕК
17.02.2020. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жоопкерчилигин караш керек ушундай кадамга барган кызматкерлерди
17.02.2020. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ош шаардык прокуратысынын алы жетпейт. Окмоттук денгээлде карашы керек. Ошто баары сатылып кеткен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: