Ат-Башыда логистикалык борбордун курулушуна каршы митинг өтүп жатат





Бүгүн, 17-январда Нарын облусунун Ат-Башы райондук администрациясынын алдына эл топтолду. Алар логистикалык борбор - Ат-Башы эркин экономикалык зонанын курулушуна каршы болуп чыгышкан.
Митингге топтолгондор инвестор болобуз деген Кытай тарапка ишеним көрсөтүшпөй турганын, алардын түпкү ниети башка болушу мүмкүн деген пикирлерин айтышууда.
"Биз ат-башылыктар эч качан митингге чыккан эмеспиз. Бизге Кытай тараптын мындай борборду курганынын кереги жок. Мал-жаныбызды багып, ошол менен тиричилигибизди өткөргөнүбүз оң", - дешүүдө.
Азырынча топтолгондорго акимчиликтен эч ким чыга элек.
Буга чейин Ат-Башыга кытай инвесторлору менен биргеликте 200 гектар аянтка логистикалык борбор курула тургандыгы маалымдалган. Ал жер аянты Кытай тарапка 49 жылга ижарага берилип, борбор курулса жергиликтүү 15 миң жаран жумуш менен камсыздалары айтылган.













1 |