Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев: "Чек арага байланыштуу атайын аскердик бөлүктөрдүн санын көбөйтүү керек"
Бүгүн, 17-февралда коомдук-саясий ишмерлердин, жарандык активисттердин жана массалык маалымат каражат өкүлдөрүнүн катышуусунда "Баткен облусундагы чек ара көйгөйлөрү" аттуу коомдук-саясий талкуу өттү. Анда катышуучулар тарабынан чек араны чечүү тууралуу ой-пикирлер жана сунуштар айтылды.
Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев жыйынга келбегенине байланыштуу, анын сунушун депутаттын өкүлү окуп берди. Айтымында, Баткен облусундагы чек ара маселелерин чечүүдө биринчиден, эң негизгиси элдин ишенимине кирип, жергиликтүү калкка чек арага байланыштуу маселелерди, ошондой эле коңшулар менен алмашыла турган жерлер боюнча ачык-айкын түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Мындан сырткары жергиликтүү кеңештин депутаттары, жалпы эл менен кеңешип облустук, райондук жетекчилерди дайындоо мезгилдин талабы болуп турат.
"Чек ара аймагында жашаган калктын коопсуздугун камсыз кылуу мамлекеттин эң негизги милдеттеринин бири. Ага байланыштуу атайын аскердик күчтөрдүн, бөлүктөрдүн санын көбөйтүү керек. Анткени "чек ара аймагында жашаган айыл" деп аталган өзгөчө статусу бар айылдарда кошуна мамлекеттердин атайын кызматтары же айрым тургундар тарабынан провокациялар жасалып, ошондой эле облустук деңгээлдеги күч органынын жетекчисинин кайрылуусу биздин күтүлбөгөн, чукул кырдаалдарга даяр турушубуз керек экендигин тастыктады. Өзгөчө атайын кызматтарды жана атайын аскердик техникаларды коопсуздук бар деп эсептелген аймактарга жакын жайгаштыруу зарыл.
Чек ара маселеси боюнча Улуттук комитет түзүү зарылчылыгы коомчулуктун колдоосуна ээ болсо четке кагууга болбойт. Анткени чек ара маселеси мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн, улуттун коопсуздугун камсыз кыла турган жагдай болгондуктан, албетте, эл менен тыгыз, ачык-айкын иш алып барылышы керек. Чек ара маселесинде тиешелүү эл аралык протоколдордун негизинде мамлекеттик, өкмөттүк деңгээлдеги комиссиялар дагы иш алып барып жаткандыгы белгилүү. Ага карабастан эл тарабынан чек ара маселеси көзөмөлгө алынып, курамына чек ара маселесин түшүнгөн кесипкөй, абройлуу, элге кадыры бар, улуу-кичүү, көз караштары ар түрдүү адамдарды, ар улуттун өкүлдөрүн камтыган Улуттук комитетке каршы эмесмин. Анткени Баткендеги чек ара маселеси жөнгө салынгандан кийин деле Казакстан, Өзбекстан менен болгон чек арадагы аймактарды алмашуу маселесинде келип чыккан кемчиликтер, катачылыктар кайталанбашы үчүн мен Улуттук чек ара комитетин түзүү демилгесин колдойм", - деп сунуш билдирген Таабалды Тиллаев.





1 |