super.kg logo

Кызыл-Кыяда 51 жаштагы жарандын жарым миллион сомун уурдап кеткен шектүүлөр Бишкек шаарынан кармалды

 

Кызыл-Кыяда 51 жаштагы жарандын жарым миллион сомун уурдап кеткен шектүүлөр Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-январь күнү саат 19:00 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын 51 жаштагы тургуну өзүнүн Матиз үлгүсүндөгү унаасы менен үйүнө келип, дарбазасын ачып жатканда, бет кап кийген үч бала унаасынын арткы терезесин сындырып, сумкадагы 460 миң сом акчаны алып, изин жашырып качып кетишкен.

Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам тергөө тобу жүргүзгөн иликтөө иштеринин жүрүшүндө тоноочулук кылып изин жашырган шектүүлөрдүн экөөнүн аты-жөнү такталып, алар Бишкек шаарынан кармалышты. Шектүүлөрдүн бири Талас шаарынын 37 жаштагы тургуну мурда он жолу сот жообуна тартылган. Ал эми экинчиси Кадамжай районунун 22 жаштагы тургуну 2 жолу сот жообуна тартылган.

Азыркы күндө кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
17.02.2020. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оңбогурлар!
17.02.2020. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Беттерин ачып ушул ХХХХХ абайлагыла деп айткандын ордуна жашырасыңар да.
Модератор admin_portal түзөттү 2020-02-18 09:47:55
17.02.2020. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
11чиси болот экен да.
18.02.2020. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошондо кой терисин жамынган карышкырлар болуп калабы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: