super.kg logo

"Идеалдуу дене мүчөнү каалаган". Алматыда 4 баланын энеси липосакция операциясын жасатам деп көз жумду

 

Алматыда 4 баланын энеси, 36 жаштагы Жамиля Жылкайдарова аттуу аял липосакция операциясын жасатуу учурунда көз жумду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, учурда укук коргоо органдары келиндин өлүмү боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат. Маркумдун жакындары анын өлүмүнө дарыгерлердин шалаакылыгы себеп болду дешип, операция жасаган дарыгерлерди жоопко тартууну талап кылышууда. Жамиля Жылкайдарованын каза болгонун хирургдар ал клиникага келген күндүн эртеси таңда айтышкан.

"Биз клиникага барганда анын өлүмү тууралуу эч ким толук маалымат берген жок. Операция үчүн керек болгон жабдыктарды жашырышып, Жамилянын кантип каза болгонун билгендердин баары кетип калышыптыр. Болгону анын кан басымы түшүп кеткенин айтышты", - деген келиндин жакындарынын бири. Ошондой эле ал Жамиля Жылкайдарова липосакция үчүн 3 миллион теңге төлөгөнүн, бирок клиника акчаны кайтарбаганын кошумчалаган.

Ал эми жакын курбусу Айгерим Кулболдинова: "Жамиля липосакция жасатууну көптөн бери эле пландап жүргөн. Мындай операция Москвада аябай өнүккөн, негизи Москвадан жасатам дечү. Балдарды төрөп, башка төрөбөй турган болгондо операцияга барам деп, төртүнчү баласын төрөгөндөн кийин жасатайын деди. Бул клиниканы интернет аркылуу тапкан болчу. Бардык эле аялдар сулуу болууну каалайбыз, ал деле күйөөсү үчүн, өзү үчүн идеалдуу болууну каалаган болчу", - деген.

Клиника учурда жабылган, дарыгерлер сурак берип жатышканы жазылат маалыматта.

Алматы шаардык полициясынын өкүлү Жылкайдарова дарыгерлердин катачылыгынын улам каза болушу мүмкүн деген версияны айткан.

"Алдын ала айтылган версия боюнча, кардар дарыгерлер ишин жакшы билбегендигинен, эпсиз кыймыл аракетинен улам каза болушу мүмкүн. Буга күнөөлүүлөр сөзсүз жазасын алышат. Медициналык мекеменин мыйзамдуу иштешин, мындай түрдөгү кызматтарды көрсөтүүгө уруксаты болгонбу, баары текшерилүүдө", - деген полиция өкүлү.

Алдыңкы 3 апта ичинде келиндин өлүмүнүн себеби аныкталышы керек экендиги, ага дарыгерлер күнөөлүү болгону далилденсе беш жылга эркинен ажыратылышы мүмкүндүгү белгиленет маалыматта.

Липосакция - хирургиялык жол менен денедеги май катмарларын алган косметикалык же бариатрикалык операция. Бул операция дененин бир бөлүгүнө, көбүнчө курсакка, санга, жамбашка жасалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(9)
18.02.2020. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Жамбаш болот. Кыргыз эмес өлөйүн...
18.02.2020. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Балдарына жалко энеси жок калышты байкуш наристелер, сулуу болбой эле журбоптур да ден соолугум болсун деп. эми мин айтсан да кеч болуп калды. Мандайына ошону жазган го.
18.02.2020. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мен аялымды семирте албай журсом.. Именно ушул болукторун..
18.02.2020. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ошон үчүн аялынарды кандай болсо да сүйүп жашагыла! Толукбу, арыкбы, буту тайтакбы, фигура жокбу, ал сенин балдарыңдын апасы!
18.02.2020. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Фитнеске каттасаңар зыңк болуп каласыңар кыздарики!
18.02.2020. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Center,фитнеске кеткен акчаны андан көрө балама иштетем дейт эне деген...
18.02.2020. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Center,Айылда кайдагы фитнес, эртеден кечке уйдогу жумуштан кол бошобой жатса
19.02.2020. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окунучтуу Аллахтын алты санын аман кылып жаратканына шугур кылып жашаш керек.Жаткан жери жайлуу болсун.
19.02.2020. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун. Досуна рахмат, жакшы тушундуруп айтыптыр. Азыркы заманда мындай досту табышда кыйын. Козунчо жымын жымын этип, артынан шыбашатко, айрыкча аял зат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: